Башкы #Жаңылык 85 жаштагы студент Мамат Кулматов: билим алууга эч качан кеч эмес

85 жаштагы студент Мамат Кулматов: билим алууга эч качан кеч эмес

67

85 жаштагы Мамат Кулматов ОшМУнун медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигине тапшырып, билим алып жатат. Бул тууралуу окуу жай кабарлады.

Маалыматка ылайык, буга чейин ал 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган.
Жаш кезинде айыл чарба техникумунда билим алып, агроном адистигине ээ болгон. Аталган тармакта көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаны уруктарды өндүрүү багытында тажрыйбаларды да жүргүзүп келет.
«ОшМУга 1959-жылы биохимия адистигине тапшырганмын. Бирок ошол мезгилдеги турмуштук кыйынчылыктардан улам окуумду таштап койгом. Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт. Мен элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп келем. Ушул жашыңызда окубай эле коюңуз деген пикирлерин айтышты. Бирок алар менин ичимдегини билишпейт да. Өзүм баарына түшүндүрүп айттым. Апам оорудан улам жаш өтүп кеткен. Ошондо өзүмө дарыгер болом деп сөз берген элем», — деген Кулматов.
Аксакал байбичеси да «илимди танда же бизди танда» деген суроону койгонун айтып жылмайган. Алар төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Жыйырмадан ашуун небере, чөбөрөлөрү бар.
«27 жылдан бери ушул тармакта окутуучу болуп иштесем, биринчи жолу практикамда улуу жаштагы ата студентим болуп жатат. Бир чети атаны көрүп сүйүнсөм, бир чети суктандым. Биз буга чейин мындай көрүнүштү чет өлкөдөн гана көрсөк, бизге да келип жатканы мени аябай кубандырды», — деген органикалык химия предметинен сабак берген окутуучусу Махира Мирзаева.