Башкы #Абитуриентке Абитуриенттер үчүн онлайн система ишке кирет

Абитуриенттер үчүн онлайн система ишке кирет

150

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында  быйыл Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу автоматташтырыла тургандыгын билдирди.

Министрдин орун басары аталган долбоор алгач аймактарда жашаган окуучуларга ыңгайлуу болорун айтат.

«Бүгүнкү күндө студенттер үч күн ичинде окуу жайды тандап, ар бирөөнө барып, талонун ташташ керек. Ошондой эле анын жообун күтүү керектелет. Биз 2020-жылы аны автоматташтырууну көздөп жатабыз. Ишке ашып калса, анда окуучулар онлайн режимде талондорун университеттерге таштап, жыйынтыктарын да онлайн түрдө көрө алышат», – дейт ал.

Өмүровдун сөзү боюнча, абитуриенттер канча адам аталган кесипке талон тыштаганын да биле алышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here