Башкы #Маалымат Башкыртстандан кыргызстандык 50 студент акысыз билим алат

Башкыртстандан кыргызстандык 50 студент акысыз билим алат

497
Кыргызстандык 50 студент быйыл Башкыртстандагы жогорку окуу жайдан окуйт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады.
«Кыргызстандын ар кыл аймагынан чогулган жаштар Мифтахетдин Акмулла атындагы мамлекеттик педагогикалык университетинен педагогика жана психология жаатында билим алышат», — деп айтылган маалыматта.
Маалыматта студенттердин акысыз окуй тургандыгы жана аларга ай сайын стипендия төлөп берилери айтылган.