Башкы #Сынактар Билим берүү жана илим министрлиги үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт

Билим берүү жана илим министрлиги үй-бүлөлүк китеп окуу саамалыгын жарыялайт

1139

Үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин  баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында билим берүү жана илим министрлиги “Атам, Апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең” аттуу саамалыгын баштайт
.
Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат.
Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат. Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет.
Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.
Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги «ОКУРМАН ҮЙ-БҮЛӨ» номинацияларын тапшырат.

Осмонова Гүлзат