Башкы #Жаңылык Бишкек милициясы Медакадемияда чет элдик студенттерге лекция өттү

Бишкек милициясы Медакадемияда чет элдик студенттерге лекция өттү

56
Бишкек шаардык милициянын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы чет элдик студенттерге лекция өттү. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Профилактикалык лекция Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында өткөрүлгөн. Милиция кызматкерлери чет элдик жарандардын Кыргызстанда жүрүү тартиби жана эреже бузуу үчүн каралган жоопкерчилик тууралуу мыйзамдарды түшүндүрүшкөн.
Мындан сырткары, өлкөдө тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдар тууралуу маалымдап, террордук жана деструктивдүү аракеттерден оолак болуу керектигин белгилеген.
Соңунда студенттерге кылмыш жасагандыгы жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы үчүн жогорку окуу жайлардан милдеттүү түрдө чыгаруу мүмкүндүгү эскертилген.