Башкы #Маалымат Бишкектеги студенттердин 15%ы кызымтал болуп жүргүсү келет. Сурамжылоо

Бишкектеги студенттердин 15%ы кызымтал болуп жүргүсү келет. Сурамжылоо

20
Борбор калаадагы студенттердин 70 пайыздан ашыгы алкоголдук ичимдикти биринчи жолу өспүрүм кезде татып көргөн. Бул туурасында Бишкектеги Эл аралык медициналык институт жүргүзгөн сурамжылоодо аныкталган.
Аталган окуу жай Жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорунун зыянын азайтуу концепциясын илгерилетүү илим-изилдөө ишинин алкагында 14-18-март күндөрү ичимдик ичүүнүн жайылышы боюнча изилдөө жүргүзгөн. Ага Кыргыз мамлекеттик медицина академиясы, Кыргыз-Россия Славян университети, Кыргыз-түрк «Манас» университети жана Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинен 18ден 25 жашка чейинки 450 студент катышкан.
Изилдөөнүн автору, экс-депутат Альфия Самигуллина дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн жугуштуу эмес оорулардын (ЖЭО) көйгөйү актуалдуу бойдон калып жатканын белгиледи.
«ЖЭО оорунун жана өлүмдүн башкы себепкери болуп саналат. Алар тобокелдиктин көрсөткүчүнүн төрт факторуна негизделет: тамеки чегүү, туура эмес тамактануу, кыймылдын жетишсиздиги жана алкоголду ашыкча пайдалануу. Акыркы көйгөй социалдык категориянын студенттер сыяктуу тобунан кыя өтпөйт», — деди Самигуллина.
Сурамжылоого ылайык, спирт ичимдигин ичүү студенттер арасында кеңири тараган көрүнүш. Басымдуу бөлүгү муну уят нерсе деп эсептебейт, ичимдиктин кесепети жөнүндө ойлонушпайт.
«Суралгандардын дээрлик үчтөн бир бөлүгү (29 пайызы) алкоголдук ичимдикти биринчи жолу үйдө, үй-бүлөсү жана туугандары менен, ал эми 21 пайызы көчөдө ичишкен. Бул тынчсыздануучу фактор болуп саналат. Болжол менен 10 пайызы спирт ичимдиктерин жумасына бир нече жолу же күн сайын ичишет. 22 пайызы көбүнчө арак, коньяк, виски сыяктуу күчтүү ичимдиктерди тандашат. Басымдуу бөлүгү спирт ичимдиктери ден соолукка зыян тийгизерин билгени менен ичүүнү токтоткон эмес. Болжол менен 15 пайызы мас болгонду жакшы көрөрүн моюнга алышты», — деп жазылат маалыматта.
Изилдөөгө катышкандардын дээрлик жарымы ичимдик бардык жерде жеткиликтүү болушу аракечтиктин жайылышынын негизги себеби деп эсептейт. Үчтөн бир бөлүгү алкоголдун зыяндуулугун, аны үзгүлтүксүз колдонуунун кесепетин жана сергек жашоо образын пропагандалоого көбүрөөк көңүл буруш керек деген ойдо. Ал эми 42 пайызы ичимдикти туура ичүү маданияты менен айкалыштырса, алкоголизм көйгөйүн жана андан келип чыккан маселелерди, анын ичинде тиричилик зордук-зомбулугу, жол кырсыктары, боор орусунун өрчүшү сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүн болорун айткан.
Зыянды азайтуу концепциясы (ЗАК) – бул жаман адаттардан келип чыккан жугуштуу эмес ооруларга каршы күрөштө өнүккөн өлкөлөрдө популярдуулукка ээ болуп жаткан комплекстүү иш-чара. ЗАК адамдын никотин, алкаголь, туз, кант жана калориялуу тамак-ашка болгон көз карандылыгын эске алат. Концепция «жеңил күч» ыкмасын колдонууну сунуштайт. Мында тыюу салуунун ордуна зыяндуу азыкты илимий жактан зыяны азыраак альтернативалык жолго алмаштырууну тандоо укугу сунушталат.