Башкы #Жаңылык Чет элдик студенттерди медициналык камсыздандыруудан жылына 1 млрд. сом түшөт

Чет элдик студенттерди медициналык камсыздандыруудан жылына 1 млрд. сом түшөт

655
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков Кыргызстанда окуп жүргөн чет элдик студенттерди милдеттүү медициналык камсыздандыруунун баасы жана түшкөн каражаттын суммасын билүүгө кызыкты.
Ага Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Азамат Муканов жооп берип, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда 64 миңден ашуун чет элдик окуй турганын айтты. Алардын ар бири 18 105 сомго камсыздандыруу полисин алып, мындан бюджетке жылына 1 миллиард сомдон ашык каражат түшөрүн билдирди.