Башкы #Жаңылык Эксперт: өлкөдө жогорку билимдүүлөргө караганда кесиптик билими барлар бат иш табат

Эксперт: өлкөдө жогорку билимдүүлөргө караганда кесиптик билими барлар бат иш табат

356
Жогорку билимдүү кыргызстандыктардын көбүнө эмгек рыногунда суроо-талап аз. Ошол себептен алар кайра башка бир кесипке ээ болуш үчүн курстардан окушууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, акыркы беш жылда кесиптик-техникалык окууга тапшыргандардын саны 10 пайызга өскөн.
«Жогорку окуу жайларда 230 миңдей студент билим алса, орто кесиптик окуу жайларда 93 миң, башталгыч кесиптик окуу жайларда 32 миңден 35 миңге чейин адам билим алууда. Жогорку билимдүүлөрдүн көбүнө эмгек рыногунда суроо-талап аз. Ошол себептен алар ашпозчу, чачтарач сыяктуу адистиктердин курстарынан окушууда», — деген Мамырова.
Ал кыргызстандыктардын көбү кесиптик-техникалык билим берүүнү тандаганда өлкө экономикасы тезирээк өсмөктүгүн белгилеген.
«Көпчүлүк жогорку билимге басым жасай берет. Бирок азыр рыноктун талабы башка, биринчи кезекте акча табыш үчүн бир өнөрдү билиш керек. Жогорку билимди кийин деле алып койсо болот. Мисалы, Австрияда окугандардын 80 пайызы кесиптик-техникалык багытты тандашат», — деген министрликтин өкүлү.
Ал жогорку билимдүүлөргө салыштырмалуу кесиптик-техникалык билими барлар бат жумуш таап, ишке тез орношорун кошумчалаган.