Башкы #Маек Жаныбеков: КМШнын мыкты студенти болуш үчүн көп ийгилик жаратуу керек

Жаныбеков: КМШнын мыкты студенти болуш үчүн көп ийгилик жаратуу керек

63

“КМШнын мыкты студенти – 2021” I даражадагы дипломунун ээси, КМЮУнун Тергөө-криминалистика институтунун 4-курсунун студенти Бекжан Жаныбеков келечекте эл үчүн кызмат кылып тарыхта атын калтыргысы келерин айтты.

“КМШнын мыкты студенти” долбоору Казакстандын илимпоздор конгрессинин колдоосу менен “Бөбек” улуттук кыймылы” эл аралык ассоциациясы тарабынан үч жылдан бери уюштурулуп келет. Иш-чаранын негизги максаты жаштардын чыгармачылыкта, студенттик кеңеште, спортто жана илим менен билим берүү тармагындагы жетишкендиктерин аныктоо болуп саналат. Ошондой эле иш-чара КМШ өлкөлөрүндөгү студенттердин алакасын арттыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу Бекжан Жаныбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, долбоорго Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Молдова жана Россиянын мыкты студенттери катышты.

“Март айында эл аралык сынактын жарыясын көргөндөн кийин өмүр баянымды, катышкан конкурс, коомдук иш-чаралардан алган диплом, сыйлыктарымды тиркеп, керектүү документтерди уюштуруучуларга жибердим. Менин жетишкендиктерим талапка туура келип, канааттандырарлык деп табылып, май айында “КМШнын мыкты студенти – 2021” сынагынын женүүчүсү аталдым. Сынактын жыйынтыгы боюнча студенттер медаль, 1, 2 жана 3- даражадагы диплом менен сыйланышты. Биздин ысымдар “Таланттуу жаштардын энциклопедиясы” эл аралык студенттик китептер жыйнагына киргизилди. Сыйлык тапшыруу аземи апрелде Нур-Султан калаасында өтүшү керек болчу, бирок пандемияга байланыштуу бул жолу бара алган жокпуз. Кечээ жакында диплом, төш белги, күбөлүк жана энциклопедия Бишкек шаарында сыйлоо аземинде тапшырылды. Негизи сыйлык тапшыруучулар мыкты студент аталчу кандидаттардын мектеп курагындагы жетишкендиктеринен баштап карайт экен. Алсак, мен мектепте “Парламент сүйлөйт”, “Акыл Ордо” интеллектуалдык сынактарына, предметтик олимпиада жана мектептеги иш-чараларга активдүү катышып келгем. Борборго келгенден кийин дагы коомдук бирикме, уюмдарга мүчө болуп, иш-чараларга катышууну уланттым. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин Тергөө-криминалистика институтунун 4-курсунда окуп жатам. Келечекте бийлик бутагына барып, эл үчүн кызмат кылып, тарыхта атымды калтыргым келет”, — деди Жаныбеков.

Ал аталган эл аралык сынакка быйыл Кыргызстандан 150дөн ашык студент катышып, алардын 50сү КМШнын мыкты студенти болгонун кошумчалады.