Башкы #Жаңылык ЖРТдан эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдүн облустар боюнча көрсөткүчү

ЖРТдан эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдүн облустар боюнча көрсөткүчү

446
2022-жылы Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку баллга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл эң жогорку балл 235 болуп, ага Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү ээ болгон.
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 221ден 235ке чейин упай топтогондор:

Бишкек шаарынан — 35 окуучу;

Ош облусу — 7;

Ысык-Көл облусу — 5;

Чүй облусу — 4;

Баткен облусу — 3;

Нарын облусу — 2;

Жалал-Абад облусу — 1.

24-25-июнда өткөн ЖРТнын III этабынын жыйынтыгы менен бул тизме толукталышы мүмкүн.