Башкы #Жаңылык Каныбек уулу Ардакбек КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды

Каныбек уулу Ардакбек КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды

453

Ректор Төлөбек Абдырахмановдун буйругу менен Каныбек уулу Ардакбек КУУнун кесиптик колледжинин директору болуп дайындалды.

Жаңы жетекчини колледждин педагогикалык жамаатына 2023-жылдын 18-майында окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев тааныштырды. Жыйындын башында ал мурдагы директор Болотбек Байысов арызынын негизинде 2023-жылдын 15-майынан баштап өз каалоосу менен кызматынан бошотулганы жана жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменттин жаштар саясаты жана тарбия иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Каныбек уулу Ардакбек 2023-жылдын 16-майынан тартып которуу шарты менен кесиптик колледждин директорлугуна дайындалганы тууралуу ректордун буйруктарын окуп берди.

Жаңы дайындалган жетекчи өз сөзүндө жооптуу кызматка дайындаганы үчүн КУУнун ректоруна ыраазычылык билдирип, көрсөтүлгөн ишенимди актоо үчүн талыкпай иштээрин билдирди.

Жыйын аяктаган соң окуу иштери боюнча проректор Каныбек уулу Ардакбекке кабинетин көрсөтүп, жаны кызмат ордуна отургузду.

Иш чарага о.э. адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Айгүл Жайнакова, окуу башкармалыгынын башчысынын орун басары Лариса Курманалиева жана кесиптик колледждин педагогикалык жамааты катышты.