Башкы #Жаңылык Карантин убагындагы онлайн окуу процесси башталды

Карантин убагындагы онлайн окуу процесси башталды

1385

Бүгүн 8-апрелден баштап мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайдын студенттери онлайн түрүндө окуй баштады.
Буга чейин студенттер аралыктан окуу процессин жүргүзүп келишкен. Онлайн сабактар интернет булактарынан жана мамлекеттик телеканалдар аркылуу сабак өтүлүп, тапшырмалар берилет.

Эскерте кетсек ,онлайн окутуу жана аралыктан окутуу — бул эки башка түшүнүк. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектептик, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев айтты. Айтымында дистанттык окутуу бул семестр учурунда бир жолу, жана чейрек чыгып жаткан маалда бир жолу келет. Ошондой эле сабакка бир жума даярданып, ошол эле учурда баасын алып кетет деп тушүндүрдү адис. Ал эми он-лайн окутуу -бул реалдуу сабакка жакындаштырылган. Ал телекөрсөтүү аркылуу көрсөтүлөт. Сабактарды көрүү, суроо берүү жана көргөзмө түрүндө болуп, кайра пикир алышууга мүмкүнчүлүк болот. Анда баа алууга да мүмкүндүк бар», — деди Усеналиев. Ал бүгүнкү күндө билим берүү министрлиги бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатканын кошумчалады.

Гүлзат Осмонова