Башкы #Маалымат Казакстанда окуган кыргыз студенттери быйыл офлайн негизде билим алат

Казакстанда окуган кыргыз студенттери быйыл офлайн негизде билим алат

681

Коңшу өлкөгө кирем деген ар бир студентте COVID-19дун жукпаганын тастыктаган ПРЦ-тесттин жыйынтыгы болушу керек.

Жаңы окуу жылында алты чет мамлекеттен студенттер Казакстанга кирип, билим алуусун уланта алат. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Казак өкмөтүнүн жаңы токтомуна ылайык, Казакстанда окуусун уланткысы келген студенттер милдеттүү түрдө COVID-19га каршы эмдөө алышы керек.

“Казакстанга Венгриянын, Таиланддын, Монголиянын, Грузиянын, Кыргызстандын жана Молдованын жарандары кире алат”, — деп айтылат кабарда.

Токтом 6-сентябрдан тарта күчүнө кирет.