2020-жылдын 7-февралында И.Арабаев атындагы университеттин Манас таануу жана лингвистика институту тарабынан Бишкек шаарындагы «Креатив Таалим» билим берүү комплексинин 10-11 класстарынын окуучуларына профориентациялык иш максатында жолугушуу уюштурулуп өткөрүлдү.
Жолугушуу университеттин Ч.Айтматов атындагы чоң залында Лингвистика кафедрасынын башчысы Д.М.Дайырбекова, кафедранын доценти Азизбек уулу Бакыттын куттуктоо сөздөрү менен башталып, институттун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери тарабынан, окутулган багыттар боюнча маалымат берилип, чет өлкөлөргө чыгып келген студенттердин слайд шоусу менен жана студенттердин заманбап бийи менен коштолуп, маалымат кыргыз, орус, англис жана немис тилдеринде берилди.
Университеттин айтымында мындай жолугушуулар мындан нары дагы байма-бай болуп, абитуриенттерге жакшы маалыматтарды берип турушаарын белгилешти.