Башкы #Маалымат Кыргыз ССРинен билим алып кеткен чет элдиктер

Кыргыз ССРинен билим алып кеткен чет элдиктер

404
Кезинде Кыргыз ССРине бир топ мамлекеттен жаштар келип, түрдүү адистиктер боюнча билим алышкан. Башка союздук республикалардан сырткары Ангола, Афганистан, Вьетнам, Гвинея-Бисау, Иордания, Йемен, Кампучия, Куба, Лаос, Мадагаскар, Мали, Мозамбик, Монголия, Нигерия, Сьерра-Леонеден бери келип, медицина, жеңил өнөр жай, авиация, энергетика жана машина куруу тармактары боюнча окуган.
Азыр дагы сырттан келген студенттер Кыргызстанда аз эмес. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, республика аймагында жогорку окуу жайларда азыр дүйнөнүн 62 мамлекетинен келген 83 миңден ашык студент билим алат.
Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунда окуган кубалык студенттер - Sputnik Кыргызстан

Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунда окуган кубалык студенттер

Борбор калаадагы №17 кесиптик училищеде билим алган монголиялык жаштар. 1978-жыл - Sputnik Кыргызстан

Борбор калаадагы №17 кесиптик училищеде билим алган монголиялык жаштар. 1978-жыл

Кыргыз ССРиндеги жогорку окуу жайлардагы чет элдик студенттер маданий иш-чарада. 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан

Кыргыз ССРиндеги жогорку окуу жайлардагы чет элдик студенттер маданий иш-чарада. 1988-жыл

Сырттан келип билим алган жаштар машыгуу маалында. Алардын ортосунда чуркап келе жаткан африкалык Керлан де Шавьер. Фрунзе шаары, 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан

Сырттан келип билим алган жаштар машыгуу маалында. Алардын ортосунда чуркап келе жаткан африкалык Керлан де Шавьер. Фрунзе шаары, 1988-жыл

Маданий иш-чараларга жигердүү катышкан чет элдиктер. Студенттердин жаз фестивалы, 1988-жыл - Sputnik Кыргызстан

Маданий иш-чараларга жигердүү катышкан чет элдиктер. Студенттердин жаз фестивалы, 1988-жыл

Куба мамлекетинен келген студенттер Политехникалык институттун лабораториясында. 1984-жыл - Sputnik Кыргызстан

Куба мамлекетинен келген студенттер Политехникалык институттун лабораториясында. 1984-жыл

Фрунзе авиация-техникалык училищеси. Аталган окуу жай чет элдиктер арасында өтө популярдуу эле. - Sputnik Кыргызстан

Фрунзе авиация-техникалык училищеси. Аталган окуу жай чет элдиктер арасында өтө популярдуу эле.

Кубадан келген Мария Тереса сабакта орус тилин үйрөнүүдө - Sputnik Кыргызстан

Кубадан келген Мария Тереса сабакта орус тилин үйрөнүүдө

Учкуч болууну эңсеген жаштар Фрунзе авиация-техникалык училищесинде. Ал ЖОЖдо Азия, Африка, Ыраакы Чыгыш, Латын Америка мамлекеттеринен келип билим алышкан - Sputnik Кыргызстан

Учкуч болууну эңсеген жаштар Фрунзе авиация-техникалык училищесинде. Ал ЖОЖдо Азия, Африка, Ыраакы Чыгыш, Латын Америка мамлекеттеринен келип билим алышкан

Жеңил өнөр жай тармагына аралашкысы келген монголиялык кыздар. Сүрөттөгү студенттер борбордогу №17 кесиптик училищеде - Sputnik Кыргызстан

Жеңил өнөр жай тармагына аралашкысы келген монголиялык кыздар. Сүрөттөгү студенттер борбордогу №17 кесиптик училищеде

Бөтөн элден, бөтөн жерден келген жаштар Кыргыз ССРиндеги билим берүү сапатына жогору баа беришкен - Sputnik Кыргызстан

Бөтөн элден, бөтөн жерден келген жаштар Кыргыз ССРиндеги билим берүү сапатына жогору баа беришкен

Кубалык студенттер борбор калаадагы базарды аралап жүрүшөт - Sputnik Кыргызстан

Кубалык студенттер борбор калаадагы базарды аралап жүрүшөт

"Тынчтык толкуну" студенттик кыймылы. Алардын арасында башка мамлекеттен келген студенттерди да көрүүгө болот - Sputnik Кыргызстан

«Тынчтык толкуну» студенттик кыймылы. Алардын арасында башка мамлекеттен келген студенттерди да көрүүгө болот

Кыргызстанда билим алган жаштар негизинен коммунисттик мамлекеттерден келгендиктен бул жактагы коомдук-маданий иш-чараларга жигердүү катышкан. - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда билим алган жаштар негизинен коммунисттик мамлекеттерден келгендиктен бул жактагы коомдук-маданий иш-чараларга жигердүү катышкан.