Башкы #Маалымат Кыргызстан жаштарынын канчасы жогорку билим алып жатат. Статистика

Кыргызстан жаштарынын канчасы жогорку билим алып жатат. Статистика

607

Министрдин орун басары ЖОЖдорду реформалоо боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынга катышты.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 219 миң студент окуйт. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда «Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордо ири реформа жасоону убадалап жатат, ал кантип ишке ашат» аталашындагы брифингге катышты.

Өмүровдун айтымында, өлкөдөгү жогорку окуу жайларда 219 миңге чукул, орто кесиптик билим берүү мекемелеринде 95 миңдин тегерегинде студент бар. 35 миңдей студент баштапкы кесиптик билим берүү жайларында окуйт.

Булак: Спутник