Башкы #Маалымат Кыргызстанда студенттерге акысыз көрсөтүлчү медициналык кызматтардын тизмеси

Кыргызстанда студенттерге акысыз көрсөтүлчү медициналык кызматтардын тизмеси

560
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду студенттерге медициналык кызматтарды пайдаланууда кандай жеңилдиктер каралганын эске салды.
«21 жашка чейинки студенттер камсыздандырылган жарандардын катарына кирет. Эгер алар Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда каттоодо турган болсо жеңилдетилген медициналык кызмат алууга укугу бар. Баса, студенттер үчүн амбулатордук деңгээлде медициналык кызматтардын акысыз пакети жана стационарга жатканда жеңилдиктер топтому да каралган», — деп айтылат билдирүүдө.
Акысыз амбулатордук медициналык кызматтар:
  • профилактикалык кабыл алуу, консультация, дарылоого жолдомо берүү;
  • кандын, зааранын жалпы анализи, кандагы кантты, холестеринди, гемоглобинди (кант диабети менен ооругандар жылына бир жолу) аныктоо;
  • айрым гинекологиялык анализдер, какырыкты анализдөө жана электрокардиограмма (эгер көрсөтүлгөн болсо);
  • кымбат баалуу текшерүүлөрдөн (ангиография, компьютердик томография сыяктуу) башка лабораториялык изилдөөлөр;
  • тамчылаткычтарды кошпогондо шашылыш медициналык жардам көрсөтүү, дары-дармектерди жазып берүү, инъекциялар (дарылоо бөлмөсүндө дарыгердин көрсөтмөсү боюнча).
Стационарда төмөнкү медициналык кызматтар көрсөтүлөт:
  • бейтаптын өмүрүнө коркунуч болгон учурда медициналык тез жардам акысыз көрсөтүлөт. Анын ичинде дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар менен камсыз кылынат;
  • республикалык деңгээлдеги ооруканаларга жаткыруу учурунда дарылоо үчүн студенттер 1 160 сом (терапевттик профилде) жана 1 510 сом (хирургиялык профилде) кошумча төлөшөт. Шаардык, аймактык ооруканаларда, ошондой эле жалпы медициналык практика борборлорунда дарылоо курсу 840 сом (терапевттик профилде) жана 1 090 сом (хирургиялык профилде).
Мындан тышкары, бронхиалдык астма диагнозу бар студенттер Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында дары-дармектерди 90 пайызга чейин арзан ала алышат. Ал эми Кошумча милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча дары-дармектерге 50 пайызга чейин арзандатуу каралган. Дары-дармектердин тизмесин сайтынан тапса болот.