Башкы #Сынактар Кыргызстандык жаш мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат

Кыргызстандык жаш мугалимдер Японияда акысыз окуудан өтө алат

976

Кыргызстандагы мектептердин башталгыч жана орто класстарынын мугалимдери Япония өкмөтүнүн бир жылдык агартуучулук программасына катыша алышат.

Программа “Жаш окутуучулар үчүн” деп аталат.

Талаптар:

  • 35 жаштан жогору эмес;
  • жалпысынан беш жылдан кем эмес мугалимдик тажрыйба.

Япон тилин кошумча үйрөнүүгө муктаждар Японияга барган соң алты ай ичинде курска катышат.

Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин (жума күнү) Япония элчилигине бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү 16.

Талапкерлерди тандоо эки этап менен өтөт:

Жазуу жүзүндөгү тест — 2020-жылдын 4-марты.

Маектешүү — 2020-жылдын 11-марты.

Эки сынак тең Адамзатты өнүктүрүү боюнча кыргыз-япон борборунда өтөт.

(Дареги:  Бишкек шаары, Турусбеков 109, Ж. Баласагын атындагы КУУ, 7- корпус, 2-кабат).

Жогорку окуу жайлардын окутуучулары бул программага катыша албайт.

Кенен маалымат жана керектүү документтерди шилтемеден таба аласыз

Булак: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы