Башкы #Маалымат Кыргызстандын студенттерине короновирус боюнча маалымат

Кыргызстандын студенттерине короновирус боюнча маалымат

983

Коронаровирус : курч жугуштуу вирустук оору. Көбүнчө дем алуу органдары жабыркайт.

Козгогучу : РНКлуу  вирус. Betacoronavirus уруусуна Coronaviridae тукумуна кирет.

Жаратылыштагы резервуары: Белгисиз,  жапайы жаныбарлар болушу мүмкүн (жарганат, жапайы иттер ж.б).

Инфекция булактары (кимден жугат?) : жаныбарлар жана оорулуу адамдар.

Жугуу жолдору: аба аркылуу жугат (оорулуу адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө вирусту абага бөлүп чыгарат), чаң аркылуу, кол алышканда.

Жугуу факторлору: Аба, тамак аш азыктары (жашылча-жемиш, эт), үй-тиричилик буюмдары.

Инкубациялык мезгили ( жуккандан оорунун башталышына чейинки жашыруун мезгил): 2 суткадан 14 суткага чейин, көбүнчө 2-7 сутка

Дарылоо: патогенетикалык, симптоматикалык, (башкача айтканда вирусту өлтүрө турган даары жок)

Вирус баардык эле адамга жугушу мүмкүн,  50 жаштан улуу жана өнөкөт ооруулары бар адамдарда оору оор түрдө болот.

Дүйнө жүзүндө  лабораторияда жаңы 2019-nCoV коронавирусу такталган 1438 оорулуу катталган (98%-Кытайда). 42 адам каза болгон (2,9%).

Оорунун белгилери:   — дененин табынын көтөрүлүшү (90% көп оорулууда),

— кургак жөтөл,

— дем алуунун кысылуусу,

— көкүрөктө ооруу

Дартты аныктоо : Эгерде

— Оорунун белгилери пайда болгондон 14 күн мурун Кытай  Эл Республикасына барса же ал жерде жашаса

— 2019-nCoV коронавирусу такталган оорулуу менен контакта болсо,

— 2019-nCoV коронавирусу такталган  оорулуу болгон  ооруканада иштесе же ошондой ооруканага барган болсо коронаровирус ооруусу менен оорушу  мүмкүн.

Алдын алуу:

  • Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
  • Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
  • Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
  • Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
  • Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;
  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.
  • Коомдук жайларда медициналык маска тагынып жүрүү.

Азыркы мезгилде коронавируска каршы эмдөө жок.

Кыргызстанда коронавирус менен оорулган оорулуу бүгүнкү күндө жок (Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борборунун жана Бишкек шаардык жугуштуу оорулар ооруканасынын башчылыгынын билдирүүсү боюнча 29.01.2020)