Башкы #Жаңылык Медициналык окуу жайларга чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн жаңы эреже кирди

Медициналык окуу жайларга чет элдик студенттерди кабыл алуу үчүн жаңы эреже кирди

422
Министрлер кабинети Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлар үчүн чет элдик студенттерди кабыл алуу талабын бекитти.
Ага ылайык, Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан аккредитацияланган чет өлкөлүк агенттиктерде үч жылдан кем эмес мөөнөткө эл аралык программалык аккредитациядан өткөн медициналык жогорку окуу жайлары гана чет өлкөлүк студенттерди кабыл ала алат. Бул боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү Билим берүү жана илим министрлигине жүктөлдү. Ал эми Тышкы иштер министрлиги дал ушул окуу жайларга жиберилген абитуриенттерге жана студенттерге окуу визаларын берүүнү камсыздайт.
Токтом медициналык кадрларды даярдоонун жана чыгаруунун сапатын жогорулатууга, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына дипломдорун чет өлкөлөрдө таанууга дем берүүгө багытталган. Жаңы эреже 28-ноябрдан тарта күчүнө кирет.