Башкы #Жаңылык Министрлик: быйыл педагогикалык багытты тандаган бүтүрүүчү көп

Министрлик: быйыл педагогикалык багытты тандаган бүтүрүүчү көп

39
Быйыл бүтүрүүчүлөр педагогикалык багытты былтыркыга салыштырмалуу 22 пайызга көп тандашкан. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Министрлик 2022-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө 51 183 абитуриент катышканын белгилеп, кайсы кесиптерге суроо-талап көп болгонун тизмектеген.
«2022-2023-окуу жылында педагогикалык багытка 5 138 студент кабыл алынган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 22 пайызга көп. Педагогикалык адистиктерди тандагандардын жалпы республикалык тестирлөөдө негизги тестинин эң жогорку упайы 219 балл, орточо 180 баллга жакын болгонун белгилей кетүү керек», — деп айтылат маалыматта.
9-сентябрга карата алынган маалымат боюнча суроо-талапка ээ болгон кесиптер:

IT адистиги боюнча — 3 201 студент кабыл алынган;

Гуманитардык багыттарга (философия, саясат таануу, психология, журналистика, филология, лингвистика ж.б.) 3 116 студент кабыл алынды;

Экономикалык багыттар — 2 200;

Медициналык адистик — 1 996;

Юридикалык багыттар — 1 442;

Курулуш жана архитектурага даярдоо багыты — 604;

3 000ден ашык студент айыл чарба, өнөр жай, тоо-кен, энергетика тармагында билим алууну чечкен.

Министрлик бул өлкө боюнча алынган статистика экенин кошумчалады.