Башкы #Жаңылык Студент, мугалимдерден акча чогулткан деп Талас МУнун ректору кармалды

Студент, мугалимдерден акча чогулткан деп Талас МУнун ректору кармалды

52
Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, ректор жана башкы эсепчиси К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине 7000 сомдон сый акы берип, бирок анын 6000 сомун кайра жетекчиликтин сол чөнтөгүнө салып беришин талап кылышкан. Ушундай шартта алардын атына сый акы чегерип турган.
Мындан тышкары, УКМК аталган жетекчилер жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акчанын бир бөлүгүн өздөрүнө ыйгарып алышканын белгиледи.
Ошондой эле Айбек Упенов кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттер менен абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенгени айтылды.
Жогоруда белгиленген адамдардын иштеген жана жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, ректор убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда аталган фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.