Башкы #Маек Студенттер билим сапатына канааттанбаса арызданганга укукту

Студенттер билим сапатына канааттанбаса арызданганга укукту

141
Жогорку окуу жайлардын билим берүү сапатын жарактуу деп таап, лицензия берген Аккредитациялык кеңеш институту бар. Окуу жай тарабынан мыйзам бузуулар жаралганда студенттер дал ушул кеңешке кайрыла алат. Бул тууралуу Элдияр Карачалов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
«Жогорку окуу жайлардын билим берүү сапатын жарактуу деп таап, алардын сапатына баа берип лицензия ыйгарган Аккредитациялык кеңеш бар. Бул жерден лицензия алмайын ЖОЖдор өз ишин уланта албайт. Андыктан окуу жайлар үчүн бул маанилүү мекеме. Бирок ошол билим берүү сапаты канчалык деңгээлде нормага туура келет, кагазда көрсөтүлгөн шарттар иш жүзүндө аткарылып жатабы деген суроолорго жооп берүүдө студенттердин көмөгү чоң. Мисалы, окуу жайдын өзүнүн медпункту барбы, жок болсо жакын жайгашкан, талапка жооп берген медициналык мекеме менен студенттерди тейлөөгө түзүлгөн келишим барбы, китепкана, дарсканалар талаптарга жооп береби, спорттук аянтча кандай? Мына ушундай учурларда эгер окуу жай тарабынан келишимде көрсөтүлгөн шарттар түзүлбөй, берилген убадалар аткарылбай жатса, студенттер Аккредитациялык кеңешке арыз менен кайрылса болот. Дарегин интернет аркылуу эле таап алууга мүмкүн», — деди Карачалов.
Ал мугалимдин сабакка 20 мүнөттөн ашык кечигүүсү, кайсы бир сабактан берген мугалимдин ордуна башка окутуучу берүүсүн талап кылуу боюнча да аталган кеңешке кайрылуу керектигин кошумчалады.